Кыргызстанда Путинди колдоо кыймылы түзүлдү

Кыргызстанда Орусиянын президенти Владимир Путинди колдоо кыймылы түзүлдү. Бул тууралуу бүгүн анын мүчөлөрү жарыялашты. Айтымында, алар орус жетекчисинин эл аралык терроризмге каршы ишмердүүлүгүн жана Евразия экономикалык биримдигин өнүктүрүү аракетин колдоо максатын көздөйт.

Кыймылдын негиздөөчүлөрүнүн бири, журналист Тилек Исаевдин айтымында, соңку кезде орус саясатчылары, жарандары, коомдук ишмерлери "Путинге карата сын күчөп жатканда Орусиянын ЖККУ жана ЕАЭБ боюнча союздаштары унчукпай, сырттан карап турат" деген айыптоолорду көп айта баштады.

- Кыргыз бийлиги унчукпай отуруп алды. Бирок биз жөнөкөй жаран катары Путинди жана Орусия жүргүзүп жаткан саясатты колдоону чечтик, - деди Исаев.

Уюмдун жетекчиси Казыбек Шайымбетовдун айтымында, жакын арада республиканын бардык аймактарында митинг өткөрүп, максаттары тууралуу элга маалымат берүү пландалууда. (RK)