ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, ишкана башчысын 400 миң сом пара алып жаткан жеринен кармашкан. Ош шаардык муниципалдык ишканасында коррупциялык факты туурасында милицияга Кара-Суу районунун тургуну билдирген.
Маалыматка караганда, ишкана 2016-жылдын март айында ремонт иштерин жүргүзүү үчүн жабдууларды сатып алуу боюнча тендер өткөргөн. Ага ылайык, оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүгө 2 миллион сом каралган. Тендерден уткан компаниядан ишкана жетекчиси жардам бердим деген негизде 645 миң сом талап кыла баштаган.
15-апрелде ал акча алып жаткан учурда колго түшүп, камалды. Ага карата “Пара талап кылып алуу” фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө башталды. (AzK)