Кыргызстанда 17-апрелде түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын жок. Бийик тоолуу аймактарда жолдор тоңголок, тайгак болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8...13, күндүз 22...27;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 6...11, күндүз 21...26;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 8...13, күндүз 23...28;
Баткенде түнкүсүн 8...13, күндүз 22...27;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 2...7, күндүз 13...18;
Нарында түнкүсүн 0...5, күндүз 18...23;
Бишкекте 17-апрелде жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз 14 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 8...10 градус, күндүз 24...26 градус болот.(AzK)