Бүгүн Ош мамлекеттик университетинин теология факультетинде Мухаммед пайгамбардын туулган күнүнө карата мавлют өткөрүлдү. Анда студенттерге Мухаммед пайгамбар тууралуу баяндар айтылды. Аягында 2 миң студентке акысыз тамак таркатылды. Оштогу диний чөйрөдө Мухаммед пайгамбардын туулган күнүнө карата жыл сайын куттуу жумалык жарыяланып, пайгамбар тууралуу икаялар айтылары салтка айланып баратат. Мухаммед пайгамбар 571-жылы 20-апрелде туулган. (YI)