Чолпон-Атада туристтик сезонго даярдыктар башталды

"Чыгыш электр" ишканасынан маалымдашкандай, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында туристтерди, эс алуучуларды жана аларды тейлеген калкты сапаттуу жана үзгүлтүксүз электр кубаты менен камсыз кылуу максатында электр жабдыктарын ирээтке келтирүү иштери башталды.

Тамчы - Корумду жолунда реконструкция иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу бул жердеги жыгач устундар темирден жасалганына алмаштырылды.

Ошондой эле Кара-Ой, Бает айылдарындагы эки трансформатор толугу менен капиталдык оңдоодон өткөрүлдү. Учурда район аймагында электр жабдыктарына байланышкан жумуштар жасалууда. (AsM)