Чемпиондор лигасы: “Барселона” утулуп калды

Чемпиондор лигасынын чейрек финалдык оюндарында учурдагы кубоктун ээси “Барселона” жарым финалга жолдомо ала алган жок. Ал түндө Мадриддин “Атлетико” клубуна 2:0 эсебинде утулуп калды. Натыйжада “Барселонанын” мыкты оюнчусу Лионель Месси акыркы беш оюндан бери гол киргизбей келет. Мессинин мындай көрсөткүчү 2010-жылы болгон эле.

Жарым финалга жолдомо алган экинчи команда мюнхендик “Бавария” болду. Ал жалпы 3:2 эсеби менен Португалиянын Бенфикасын жеңди.

Буга чейин испандык “Реал” жана англиялык “Манчестер Сити” клубу жарым финалга жолдомо алган.

Кийинки оюндарга чүчүкулак 15-апрелде өтмөкчү. (SDz)