Ереванда орус элчилигинин алдында нааразылык акциясы өттү

Еревандагы акция, 13-апрель, 2016.

Бүгүн кечке жуук Армениядагы орус элчилигинин алдында Орусиянын кошуна Азербайжанга курал-жарак сатышын айыптаган нааразылык акциясы өттү. "Азаттыктын" армян кызматы ага катышкан жүздөгөн адам бул курал сатуу Тоолуу Карабакта 2-апрелдеги кагылышка алып келгенин белгилешти. Акцияга чыккандардын бир тобу "Уят, шерменделик" жана "Армения эркин, көз карандысыз" деп кыйкырып турушту. Айрымдар элчилик имаратына жумуртка атышты. Акырында Орусия Азербайжанга курал сатуусун токтотууну талап кылган кайрылуу кабыл алынып, аны акцияны уюштуруучулардын бири окуп берди. Анда Москваны Армения алдындагы милдеттемелерин аткаруу чакырыгы да ташталды. Армения Орусия баштаган Евразия экономикалык биримдигине жана ЖККУга мүчө.

Орусия Азербайжанга 2009-2011-жылдардагы келишим боюнча жалпы суммасы 4 миллиард долларга тете курал-жарак жана аскер техникаларын саткан. Орус премьери Дмитрий Медведев өткөн жумада Ереванга жасаган сапарында Азербайжан менен келишимди коргоп, Москва чырлуу аймактагы аскерий тең салмактуулукту сактоо аракеттерин күчөтөрүн айткан.

Тоолуу Карабакта 2-апрелде тутанып, төрт күнгө созулган уруш ондогон өмүрдү алып кетти. Өзүн өзү жарыялап алган Тоолуу Карабак бийлиги төрт күнгө созулган бул урушта 29 жоокер каза болуп, 28и дайынсыз жоголгонун, Азербайжан 31 жоокеринен айрылганын билдирген. Тараптар 5-апрелде ок атышууну токтотуу боюнча макулдашкан.

Баку менен Ереван 1990-жылдагы Тоолуу Карабак чатагынан кийин касташып калган. Армения колдогон жикчилер 1990-жылдардын башында Азербайжандын негизинен этникалык армяндар байырлаган бул аймагын ээлеп алган.

30 миңдей кишинин өмүрүн алган 90-жылдагы чатактан кийинки абалды жөнгө салуу боюнча дипломатиялык аракеттер азырынча майнап бере элек.