Жээнбеков: Транспорт министрине "кудайдан корк" дедим

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Парламент Сооронбай Жээнбеков башында турган өкмөттүн курамын бекитти. Жаңы өкмөттө үч кишиден башкасы ордуларын сактап калды. Биринчи вице-премьер-министр Аалы Карашевдин ордуна Соцфонддун төрагасы Мухамметкалый Абулгазиев, өкмөттүн аппарат жетекчиси Нурханбек Момуналиевдин ордуна Акылбек Осмоналиев, ал эми Транспорт жана коммуникация министри Аргынбек Малабаевдин ордуна Замирбек Айдаров бекиди. Ал буга чейин “Балыкчы – Корумду” жолун курууга мыйзамсыз тендер өткөргөн Жол чарба департаментин жетектеп келген.