Кытайдан өткөн жылы миллиондон ашык телефон импорттолгон

2015-жылы Кытайдан Кыргызстанга миллиондон ашык кол телефон кирген. Мындай маалыматты Мамлекеттик бажы кызматы таратып, импорттолгон телефондордун жалпы баасы 25 млн. АКШ долларын түзгөнүн билдирди.

Телефон импорттолгон өлкөлөрдүн экинчи сабында Түштүк Корея турат. Бул өлкөдөн сатылып алынган телефондун жалпы суммасы 253 миң долларды түзгөн. Мындан башка Кыргызстанга Араб эмирлиги жана Вьетнамдан да телефондор кирет. Салык кызматынан кабарлагандай, 2014-жылы Кытайдан импорттолгон телефондордун жалпы суммасы 31 млн. доллардан ашкан. (SDz)