Тышкы иштер министрлигинен билдиргендей, иш-чара Тегерандагы Ирандын улуттук жана этникалык оюндар федерациясынын колдоосу астында өттү. Анда быйыл күзүндө Кыргызстанда өтө турган Бүткүл дүйнөлүк II көчмөндөр оюндарынын программасы тааныштырылды.
Кыргызстандын элчиси Асанбек Осмоналиев иран тараптын Ысык-Көлдө өтчү көчмөндөр оюндарына катышуу ниетин жогору баалап, аталган өлкөнүн жалпыга маалымдоо каражаттарын да күздө боло турган оюндарды чагылдырууга чакырды.
Бүткүл дүйнөлүк II көчмөндөр оюндары 3-8 сентябрь күндөрү Чолпон-Ата шаарында өтөт. Анда 40тан ашык команда 26 улуттук спорттун түрү боюнча ат салышат. (SDz)