Орусиянын Улуттук гвардиясы эми Росгвардия деп аталат

Орусия президенти Владимир Путин, Росгвардиянын башчысы Виктор Золотов.

Орусиянын Улуттук гвардиясы мындан ары Росгвардия деп аталып, Путинге баш ийет жана анын жоокерлери эскертүүсүз эле күч колдонуп, ок чыгарганга укугу бар.

Жаңы күч органын түзүү жөнүндө президент Владимир Путиндин жарлыгынын долбоору жарыяланды. Документте Росгвардия коомдук тартипти сактоо, терроризм жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш менен алектенери жазылган. Андан сырткары, Федералдык коопсуздук кызматына чек араны коргоого көмөктөшөт.

Росгвардия түзүлө тургандыгын Путин 5-апрелде жарыялаган. Бул кызматтын жетекчилигине өзүнүн мурдагы жан сакчысы, ички иштер министринин мурдагы орун басары Виктор Золотовду дайындаган.

Улуттук гвардия жөнүндөгү мыйзам долбооруна ылайык, анын жоокерлери жарандарга же жоокерлердин өзүнө коркунуч жаралган учурда эскертүүсүз эле күч жана курал колдонууга акылуу болушат.