Франция Украинанын чыгышындагы кырдаалга тынчсыздануу билдирди

Расмий Париж Украинанын чыгышында ок атышууну токтотуу шарты бузулган учурлар күчөгөнүнө тынчсызданууда.

Француз Тышкы иштер министрлигинин бүгүнкү билдирүүсүнүн алдында ЕККУ уюмунун байкоочусу миссиясынын өкүлдөрү соңку бир апта ичинде экинчи ирет ок атууга кабылган эле.

ЕККУ байкоочуларына ок атылган учур акыркы ирет 9-апрелде, Донецк шаарынын түндүк-чыгышында, орусиячыл жикчилдер көзөмөлдөгөн Жованка деген жерде болгон. Бирок ЕККУ байкоочулары ок ким тараптан атылганын тактаган. Ага чейин ушундай эле окуя 7-апрелде да болгон эле. Эки учурда да эч ким жабыркаган эмес.

Франциянын Тышкы иштер министрлиги да, Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Федерико Могерини да ЕККУ байкоочуларын көздөй ок атылышын “келишүүгө болбой турган” иш катары айыптоо менен алар өз милдеттерин аткарууга толук мүмкүнчүлүк алуусу керектигин белгилешти.

2014-жылдын апрелинен берки жаңжалда Украинанын чыгышында 9100дөн ашуун адамдын өмүрү кыйылды. Ал эми жаңжалды жөнгө салуу жолдору каралган Минск тынчтык келишими ишке ашпай келет. (UE)