Ставрополдо террорго каршы операция режими киргизилди

Бул тууралуу Орусиянын маалымат агенттиктери Федералдык коопсуздук кызматы – ФСБнын аймактык бөлүмүнө шилтеме жасап кабарлашты.

Бүгүн Москва убактысы боюнча саат 10:40 чамасында аталган крайдагы Новосельское райондук милициясынын кеңсесине кол салуу аракети жасалган эле.

Жергиликтүү күч түзүмдөрүнүн ырастоосунда, милиция кеңсесине үч “жанкечти-террорчу” кирүүгө аракеттенип, алардын экөө окуя учурунда атып өлтүрүлдү, үчүнчүсү өзүн-өзүн жардырып жиберген.

Ставраполдун күч түзүмдөрү бул окуя учурунда башка эч ким жабыркаган жок деп да билдирүүдө. Орусиянын аталган крайы исламчыл согушкерлер активдүү Түндүк Кавказ чөлкөмүнө жакын жайгашкан. (UE)