Кыргызстандыктар Индонезияда бир ай визасыз жүрө алышат

Тышкы иштер министрлигинен кабарлашкандай, мындан ары кыргызстандыктар Индонезияда 30 күн визасыз жүрө алышат.

Мындай мыйзамдык өзгөртүү 10-марттан тарта күчүнө кирди. Бирок 30 күндүк визасыз режим Индонезияга кесиптик ишмердиги менен барган журналисттерге жарабайт. (UEz)