“Каратегинден кат” - Жерге-Тал кыргызынын турмушу
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
9-апрелде саат 15:00дө Бишкектеги Кино үйүндө Тажикстандын Жерге-Тал аймагында жашаган кыргыздар тууралуу тартылган “Каратегинден кат” аттуу даректүү тасманын бет ачары өтөт. Тасмада Жерге-Талдагы этникалык кыргыздардын күнүмдүк жашоосу, алардын тарыхий мекенине болгон кусалыгы чагылдырылган. Даректүү тасма “Чагалдак филмз” (Кыргызстан), “Cinedoc” (Франция) киностудиялары жана Швейцария элчилигинин колдоосу менен тартылган. Фильмдин режиссеру “Азаттыктын” Прагадагы кабарчысы Жаңыл Жусупжан.