Порошенко: Салыктан качкан эмесмин

Украин президенти Петро Порошенко офшордо компания ачып, салыктан качкан деген айыптоолорду четке какты. Бул тууралуу ал 6-апрелде Токиодогу иш сапарында жүргөн маалда билдирди.

Порошенконун айтымында, офшордо ишкана ачуу ал президенттикке келгенден кийин бизнесин көз карандысыз ишенимдүү башкарууга өткөрүүнүн алкагындагы зарыл жол болгон.

Петро Порошенко “Рошен” таттуу чыгаруучу ишканасын негиздеген.

3-апрелде панамалык Mossack Fonseca офшор компаниясынан маалымат чыгып кетип, анда көптөгөн дүйнө өлкөлөрүнүн лидерлери офшорго түз же кыйыр тиешеси бар болгону ашкереленген.

Постсоветтик өлкө жетекчилеринен Путин, Порошенко, Назарбаев жана Алиевдер офшордон чыккан капиталдарга түз же кыйыр тиешеси бар болгону айтылат. Ушундан соң украин оппозициялык Радикал партиясы президентке импичмент жарыялоону демилгелеген.

Офшор чырынан кийин Исландия премьери отставкага кеткени айтылууда.