Бүгүнтөн тарта баалар сом менен көрсөтүлүүгө тийиш

Өкмөт башчы Темир Сариев 18-мартта кол койгон токтомго ылайык, бүгүндөн тарта соода, иш жана кызмат көрсөтүү акылары улуттук валютада көрсөтүлүшү керек.

Күчүнө кирген өкмөт токтому кыймылдуу, кыймылсыз мүлктөрдү алып-сатууну, кызмат көрсөтүүлөрдү жана товар бааларын сом менен көрсөтүүгө милдеттендирет. Мындай аракет доллар менен соода жүгүртүүнү чектеп, улуттук валютанын кунун көтөрүүгө багытталган.(UEz)