Өлкөнү өнүктүрүү үчүн жалгыз президенттин аракети жетишпейт. Ал үчүн өкмөт башчы баштаган министрлер, башкаруучу коалициянын депутаттары биригип жапа тырмак иштеши керек. Мындай оюн экс-президент Роза Отунбаева Өмүрбек Текебаев жазган китептин бет ачарында билдирди.
- Элге керектүү мыйзамдар жок. Неге жазбайсыңар? Бизде акчалуу саясатчылар парламентке келип баарын бузуп жатат, - деди Отунбаева.
"Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин Апрель элдик революциясынын 6 жылдыгына арналган “Убактылуу өкмөт” аттуу китебинин бүгүн бет ачары өтүүдө. Аталган китепте 2010-жылдын 7-апрелинен 21-декабрга чейин иш жүргүзгөн ошол кездеги убактылуу өкмөттүн ишмердиги чагылдырылган. Китепти Өмүрбек Текебаев белгилүү юрист Мурат Укушов менен биргелешип жазган. (ZKo/UEz)