Эки жылдан бери уланып келаткан салгылаштан улам Украина чыгышында жашаган бир жарым миллион кишинин жашоосу ачарчалык жакасына кептелди. Бул тууралуу Бириккен улуттар уюму жарыялаган баяндамада айтылат.
Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын маалыматына ылайык, ушул күндөрдө 300 миңдей адам тамак-ашка өтө муктаж. Ачарчылык жайылып бараткан аймактардын көбү Луганск облусундагы жикчилдер көзөмөлдөп турган жерлерде.
БУУнун бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы 270 миң адамга ай сайын жардам берүү жагын колго алды. Уюм салгылашып жаткан тараптарга кайрылып, гуманитардык жардамдарды жеткирүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берүүнү суранды.