Доллардын курсу ылдыйлоодо

Бишкектин менчик акча алмаштыруу жайлары бүгүн АКШ валютасын 67,4-67,6 сомдон алып, 67,8-68 сомдон сатууда. Valuta.kg сайтындагы маалыматка таянсак, 1-апрелде доллар 68,2 сомдон алынып, 68,6 сомдон сатылып жаткан.

1-апрелде Улуттук банк валюта базарынан 5,6 миллион доллар сатып алды. Муну менен эл аралык резервин 79,8 миллион долларга толуктады. Жалпысынан март ичи Улуттук банк 12 жолу доллар сатып алган. Буга чейин тескерисинче доллардын кунун кармоо максатында базарга доллар чыгарып келгени белгилүү. Январь айында эле Улуттук банк 17 жолу интервенция жасап, базарга 64 миллиондон ашуун доллар чыгарган.

2014-2015-жылдары Улуттук банк тарабынан 820 миллион доллар сатылган.