Ысык-Көл милициясына жаңы жетекчилер дайындалды

Бүгүн, 2-апрелде Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын жаңы жетекчилери жамаатка тааныштырылды.

Эмилбек Салиев пенсияга кетип, анын ордуна Ысык-Көл ОИИБдин жетекчиси болуп Октябрь Урманбетов, ал эми жетекчинин орун басары болуп Нургазы Увалиев дайындалды. (AsM)