AI: Түркия сириялык качкындарды өз жерине күчтөп кайтарууда

Түркиядагы ыктыярчылар качкындарга утурумдук жай даярдашууда.

Акыркы айларда Түркия жүздөгөн сириялыкты мекенине кайтууга мажбурлады. Бул европалык жана эл аралык мыйзамдарды бузарын Amnesty International эл аралык укук коргоо уюму билдирди.

Уюмдун ырасташынча, Түркия январдын ортосунан бери өз аймагында катталбаган 100 чамалуу сириялыкты дээрлик күн сайын жерине кайтарууда. Алардын арасында аялдар, кары-картаңдар жана балдар бар.

- Өз чек араларын бекитүү менен Евробиримдик лидерлери эң жөнөкөй жагдайга көз жумууда. Түркия сириялык качкындар үчүн коопсуз өлкө болуп эсептелбейт. Өлкөдөгү тынчтык күн санап азаюуда, - деди Amnesty International уюмунун жетекчиси Жон Дэлхайсен.

Түркия Тышкы иштер министрлиги мындай дооматты четке какты. “Акыркы беш жыл бою өлкө сириялык мигранттар үчүн “ачык эшик” саясатын колдоп, качкындарды алар үчүн кооптуу өлкөгө кайтарбоо принцибин катуу сактап келет”, деп айтылат Түркиянын Тышкы иштер министрлиги тараткан билдирүүдө.

Европага качкындардын агымын токтотуу, аларды Түркия аймагына жайгаштыруу боюнча Евробиримдик-Түркия келишими 4-апрелде күчүнө кирет. Жакынкы Чыгыштагы согуштан улам акыркы жылдары Европадан башпаанек издеген качкындардын саны миллиондон ашкан.