Вашингтондо ядролук коопсуздук саммити өтүүдө

Вашингтондо ядролук коопсуздук боюнча дүйнөлүк саммит башталды. Анда Түндүк Корея жаратып жаткан коркунуч жана ядролук материалдардын экстремисттик уюмдардын колуна өтүп кетпеши боюнча чаралар талкууланууда.

Саммитке ондогон дүйнө лидерлери жана расмий делегациялар барды.

Ал эми Орусия ага катышуудан баш тарткан болчу. Серепчилер муну Украинанын чыгышындагы согуш жана Орусия Крымды аннексиялап алганынан улам Москва менен НАТОнун ортосундагы мамиле салкындай түшкөнү менен байланыштырууда.

АКШ президенти Барак Обама саммит алдында Жапониянын премьер-министри Синдзо Абэ жана Түштүк Кореянын президенти Пак Кын Хе менен жолугушуудан кийин Түндүк Кореянын чагымдарына бирге каршы туруу керектигин айтты:

- Биз Түндүк Кореянын чагымдарына каршы турууда бирбиз. Биздин коопсуздук өз ара байланышта, андыктан кызматташуубуз керек. Бардык өлкөлөр Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин чечими менен ядролук жана ракета программасына байланыштуу Пхеньянга каршы киргизилген санкция режимин сактоого чакырам.

Саммит эртең да уланат.

Орус президентинин пресс-катчысы Дмитрий Песков жыйынга Орусия катышпай калганынын себебин "иш-чаранын темасы жана күн тартибин алдын ала талкуу учурундагы айрым дефицит болгону” менен түшүндүрдү.

Ал эми АКШ президентинин коопсуздук боюнча кеңешчисинин орун басары Бен Родс муну менен Орусия өзүн өзү изоляцияда калтырды деп билдирди. (RK)