Жалал-Абад: жаштардын антимитинги
Иш-чараны уюштуруучулардын бири, жаштар коомунун төрагасы Ороз Абдылдаев студенттерди ар кандай топтордун куралы болбой, өз окуулары менен алек болууга чакырды.
Ал эми шаардык мэриянын жаштар комитетинин төрайымы нааразылык жыйындарга чогулуудан көрө тазалык жана кайрымдуулук акцияларын арбын өткөрүүгө үндөдү.
Ошондой эле иш-чарага спорт чеберлери да катышып, өз кеңештерин айтышты.
Борбордук Эркиндик аянтында өткөн жыйында студенттерге концерттик программа тартууланып, андан соң чогулгандар тарап кетишти.