Апрель соту: жарыш сөз уланууда

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

29-март күнү Республикалык аскер сотунда Апрель окуясы боюнча соттук териштирүү уланды. Анда жабырлануучулар жарыш сөзгө чыгышты. Апрель окуясынын жабырлануучуларынын коомдук өкүлү Осунбек Жамансариев 2010-жылы 7-апрелде Бишкектеги Ак үйдүн үстүндөгү көзгө атарларда курал болгонун, алар жетекчилеринин буйругу менен элге ок атканын ырастады.