Ирактын борбордук бөлүгүндөгү Эл-Искандария шаарында стадиондо футбол маалында жанкечтинин жардыруусунан кеминде 40 киши өлүп, 105 адам жарадар болду. Жанкечти жеңүүчүлөргө сыйлык тапшыруу маалында өзүн жардырган. Бул тууралуу Associated Press агенттиги ирак бийликтерине шилтеме жасап билдирет.
Жардыруу үчүн жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" экстремисттик тобу мойнуна алды.
France-Presse агенттиги болсо набыт кеткендердин арасында 10-16 жаштагы 15 өспүрүм болгонун кабарлайт. Ошондой эле жергиликтүү бийликтин жана коопсуздук кучтөрүнүн бери дегенде беш кызматкери набыт болду.