Ыш мончо – кыргыздын саунасы
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Маркум Табылды Эгембердиевдин бир тууган иниси Жумадыл Эгембердиевдин ишендиришинче, илгертен кыргыздардын жуунган жайы - ыштык мончо болгон. Ал Бишкектин жогору жагындагы Кара-Булак коктусуна нукура кыргызча мончо куруп, кардарларды тейлөөдө. Ышталган мончо, дары чөп-чарга чыланган фиточелектер жана булактын суусуна толгон бассейн тууралуу Жумадыл мырза “Азаттыкка” маек курду.