Бишкекте “жоогазын ыңкылабы” деген аталыш менен белгилүү март окуясынын 11 жылдыгына карата талкуу болот. Анда 2005-жылдагы март жана 2010-жылдын апрелиндеги Элдик ыңкылаптардын себептери жана сабактары тууралуу кеп козголот.
2005-жылы 24-мартта Кыргызстанда элдин күчү менен бийлик алмашып, 15 жыл мамлекет башында турган президент Аскар Акаевдин үй-бүлөлүк башкаруу режими кулатылган.
Анын ордуна келген президент Курманбек Бакиев беш жылдан кийин ушундай эле жол менен кызматтан кубаланган. (NT)