Президент Алмазбек Атамбаев 22-мартта Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров, Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы Жаныбек Капаров менен кыргыз-өзбек чек арасындагы кырдаалды талкуулады. Анын жүрүшүндө мамлекеттик чек араны кайтаруу боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат алды. Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, соңунда чек ара коопсуздугун камсыздоо, аны кайтаруу жана коргоону күчөтүү тапшырмасы берилди. (NT)