Милиция даярдыгын аянтта текшерди

Интернетте бул иш-чара бийликтин 24-мартта Ошто өтө турган жыйынга карата каршы иш чара катары бааланууда.

Бирок облустук милициянын маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаев бул жоромолду четке кагып, пландык негизде уюштурулган кадимки ишке бөлүштүрүү жана алдыдагы жергиликтүү кеңештерге шайлоодо коопсуздукту камсыз кылууга даярдык экенин айтууда.

Оппозиция өкүлдөрү 24-мартта Ошто курултай өткөрөрүн жарыялаган.  

Ашырбаевдин айтуусунда, учурда аянттагы иш-чарада 3 миңдей милиция жана 2 миңге жакын элдик кошуунчу турат.

27-мартта Кыргызстанда жергиликтүү кеңештер шайланат.