Ак-Сууда байыркы жаныбардын сөөгүн таап алгандар сыйланды

Бүгүн өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Аскат Акибаев Каракол жаштары менен жолугушу кечесинде Ак-Суу районунда байыркы мезгилдеги жаныбардын сөөгүн таап алгандарды грамота жана акыркы үлгүдөгү телефондор менен сыйлады.

Учурда окумуштуулар изилдеп жаткан объектти 10-мартта Ак-Суу районунун Отрадное айыл өкмөтүнүн аймагында, Жыргалаң суусунун жээгинде жергиликтүүлөр таап алган болчу.(AsM)