23-мартта жаан-чачын болбойт. Тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк-чыгыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7, Чүй өрөөнүндө 7-12 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 5...10, күндүз 20...25,
Таласта түнкүсүн 3...8, күндүз 18...23,
Баткенде түнкүсүн 2...7, күндүз 17...22,
Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн 5...10, күндүз 20...25,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -2...+3, күндүз 9...14,
Нарында түнкүсүн -1...-6, күндүз 10...15,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -15...-20, күндүз -1...-6.
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 8…10, күндүз 21...23 градус жылуу болот.