Алыкул Осмоновдун “Көл толкуну” деп аталган ыр жыйнагы өзбек тилине которулуп жарыкка чыкты. Китептин бет ачар аземи 17-мартта Базар-Коргон районундагы Каба айылында болуп өттү.
Жыйнактын чыгышын жана бет ачар аземин “Достуктун үрөнүн себебиз” долбоорун ишке ашырып жүргөн кыргыз-тажик жазуучусу Мирзохалим Каримов уюштурган. Бул тууралуу Каримов өзү кабарлады.
Осмоновдун өзбек тилинде чыккан китеби “Көл толкуни” деген ат менен жарык көрдү. Котормонун автору - Базар-Коргонда жашаган акын Курбон Саттар.
Жыйнакка акындын “Ата журт”, “Отуз жаш”, “Ысык-Көл” баштаган жетимиш ыры кирди.
Китептин чыгышын Кыргызстандын президентине караштуу мамлекеттик тил комиссиясы каржыланган. Буга чейин Алыкул Осмоновдун чыгармалары өзбек тилинде өзүнчө жыйнак болуп чыккан эмес.
Бүгүн 21-март - кыргыздын улуу акыны Алыкул Осмоновдун туулган күнү. Ал 1915-жылы Чүйдө туулган. (ZA)