Жардыруулардан улам Түркиядагы кыргыздар Ноорузду майрамдабайт

Түркиядагы кыргызстандыктар жардыруулардан улам Нооруз майрамын белгилешпейт. Стамбулдагы “Кыргызстан достук жана маданият” коомунан билдиришкендей, быйыл 21-мартка карата майрамдык иш-чаралар уюштурулбайт.

“Биринчиден, кайгылуу окуялар учурунда жергиликтүү бийликтин шаан-шөкөткө көз карашы жакшы эмес. Экинчиден, коопсуздук үчүн көп адамдын бир жерге топтолуусу коркунучтуу” деп айтылат уюмдун билдирүүсүндө.

Быйыл Түркиянын бир катар шаарларында ар кандай жардыруулар дембе-дем уланууда. Мындан улам түрк бийлиги жарандарды сак болууга чакырып, массалык иш-чараларды өткөрбөөгө үндөп келет.