Байыркы жаныбардын сөөгү изилденет

Учурда сөөк табылган жер корулуп, райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кайтарылууда. 

"Бул 30 миң жылдык менен 20 миң жылдыктын ортосундагы мезгил болушу мүмкүн деп болжолдонууда. Биз бул ойду жердин кыртышын карап чыгып анан айтып жатабыз. Бул доордо мамонттор да болгон. Ал эми сөөк кайсы жаныбарга таандык экенин тиешелүү адистер гана айта алат", - дейт тарыхчы Нурлан Тагайбаев.

Ысык-Көл облусунун жетекчилиги өткөн жума соңунда Ак-Сууда табылган байыркы жаныбардын сөөгүн тезирээк изилдөөнү өкмөткө сунуштаганын губернатордун орун басары Рита Борбукеева "Азаттыкка" билдирген. 

"Мындай уникалдуу табылганы эртерээк жеринен изилдеп карабаса, күндөн, жаандан үбөлөнүп жок болуп кетиши ыктымал", -дешет окумуштуулар. 

Казуу иштери жүргүзүлүп, жаныбардын баш, жаак бөлүктөрү жана тиштери аныкталган. 

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, дубан жетекчиси Аскат Акибаев бул ишти жеке көзөмөлүнө алды.  

“Быйылкы Тарых жана маданият жылындагы бул табылга Ысык-Көлдүн климаты жана биологиясы тууралуу жаңы маалыматтардын чыгышына өбөлгө болот. Тарыхчы, археолог жана палеонтологдордун кызыгуусун арттырат”, - деген Ысык-Көл облусундагы өкмөт өкүлү.