Депутаттар Эсеп палатасынын жаңы курамын эки жолку добуш берүү менен тандады. Биринчи айлампада президенттик акимчилик менен көпчүлүк коалиция сунуштаган алты талапкер, экинчисинде оппозиция көрсөткөн 3 талапкерге добуш берилип, жактырылды.
Жыйынтыгында палатанын 9 аудитордон турган жаңы курамына Эсентур Самыкбаев, Улукбек Марипов, Айжан Садыркулова, Ишенбек Медетов, Алмазбек Султанкулов, Вадим Садовников, Нурболот Мырзахметов, Эмилбек Эркинбек уулу, Акылбек Түмөнбаевдин талапкерлиги колдоо тапты. Эсептөө палатасынын курамы 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Эми алар өздөрүнүн арасынан төрага тандоого тийиш. Бул орунга президенттик акимчилик сунуштаган Улукбек Марипов келиши мүмкүн экендиги айтылууда. (NT)