Элдин жүрөгүндөгү Аксы окуясы

Алмазбек Атамбаев бүгүн Аксы районун Боспиек айылында кандуу окуянын 14 жылдыгын эскерүүгө катышып, анда каза болгон жарандар өлкөнүн эркиндиги, келечеги үчүн өмүрүн бергенин, ал эркиндикке шек келтирүүгө жол бербөө керектигин билдирди.

Ошондой эле Аксы окуясынын 14 жылдыгына байланыштуу Кыргызстан элине кайрылуу жасады

Президент 2002-жылдын 17-мартын, 2005-жылдын 24-мартын жана 2010-жылдын 7-апрелин кыргыз элинин адилеттикке, эркиндикке карай басып өткөн татаал, кандуу жолунун эң маанилүү, эң сыймыктуу күндөрү деп атады.

Аксыдагы жыйынга катышкан жергиликтүүлөр бул күнгө чейин дагы эле окуяга саясий баа берилбей келе жатканын белгилешти. Бүгүнкү эскерүү иш-чарасына 500гө чукул жаран катышууда. 

Мурдагы баш прокурор, коомдук ишмер жана саясатчы Азимбек Бекназаров Аксы окуясын эскерүү иш-чарасында. 

2002-жылы 17-мартта ошол кездеги эл өкүлү Азимбек Бекназаровдун камалышына жана Үзөңгү-Кууштун Кытайга берилишине каршы болгон эл район борбору Кербенге жөө жүрүшкө чыгышкан. Боспиек айылына кире бериште тартип коргоо органдары аларды токтотуп, атылган октон беш киши каза болгон. 18-мартта Кербенде дагы бир бала атылып, жалпысынан кандуу окуяда алты адам окко учкан. Мындан тышкары ондогон адамдар октон жараат алып, уруп-сабалган.