Жогорку соттун басма сөз кызматынын билдиришинче, соттордун сынак тапшырмадан өтүүсү 16-мартка белгиленген. Иш-чара Жогорку соттун алдындагы соттордун окуу борборунда уюштурулган.
Кечээ 4 топко бөлүнгөн 98 талапкер сынак тапшырды.
Тест тапшыруу 18-мартка чейин уланып, ага талапкерлердин 12 тобу катышат.
Сынакка 2016-жылдын 8-февралынан 7-мартка чейин документ тапшырган талапкерлер киргизилет.
Кесиптик билим денгээлин сыноонун жыйынтыктары менен каалоочулар Жогорку соттун сайтынан тааныша алат. (www.jogorku.sot.kg.)