Москва аскерий учактарынын дагы бир тобун бүгүн Сириядан алып чыгып кеткенин Орусиянын Коргоо министрлиги кабарлады. Сириядан кайткан учактар арасында Су-25 үлгүсүндөгү сокку уруучу жана Ил-76 үлгүсүндөгү аскерий-унаа учактары бар.
Орус президенти Владимир Путин 14-март күнү Сириядагы орус кошуундарын алып чыгып кетүү боюнча буйрук чыгарган. Алгачкы топ 15-мартта чыгып кете баштаган.
Москва союздашы саналган Башар Асадды колдоо үчүн беш ай мурун Сирияда оппозицияга каршы сокку урууларды баштаган эле.