Погончондор үйлүү болду
Күч түзүмдөрүнө деп аталган 206 батир 2010-жылкы июнь окуясынан жабыр тарткандарга деп курулган турак-жайлардан бөлүнүп берилди.
Ички иштер министрлигине 60 үй, Коргоо министрлигине 33, Чек ара кызматына 33, УКМКга 30 жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 15, Жаза аткаруу кызматына 11, Баңгизатка каршы күрөшүү органына 10 жана Улуттук гвардиянын кызматкерлерине 14 батир бөлүштүрүлдү.
Жаңы батир ээлери калаадагы эң бийик 16 кабаттуу үйгө жана дагы бир нече көп кабаттуу үйгө жайгаштырылды.
Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү дирекциясы коогалаңдан кийин 1371 батир курган.
Анын 633ү жабырлануучуларга, 326сы күч түзүмдөрүнө, 45и көрүүсү жана угуусу начарларга акысыз таратылган.
Бийликтердин айтымында, берилген батирлер алгач кызматтык турак жай катары берилет. Кийинчерээк ар бир үй ээсинин менчигине толугу менен өтөт.
Мекемелерге ипотека аркылуу сатыкка коюлган 278 батир жакынкы күндөрү берилери күтүлүүдө.