Бийлик менен оппозицияны сөзгө чакырган жарандык форум өтөт

Жалал-Абаддагы оппозициянын жыйыны.

Бул туурасында “Азаттыкка” Жарандык социалдык-экономикалык жана саясий укуктарды коргоо боюнча уюштуруу комитетинин төрагасы Турсунбек Акун билдирди. Анын айтымында, форумга бийлик , оппозициянын өкүлдөрү, аймак активисттери, бейөкмөт уюмдардын катышуусу күтүлүүдө. Иш-чарада бийликке элдин тынч митингге чогулуу укугун чектебөө, оппозицияга болсо элди кайра-кайра эле максатсыз революция жасоого үндөбөө талабы коюлат. Форумдун уюштуруучулары бийлик менен оппозицияны жеке кызыкчылыктарды артка калтырып, диалогго келип, өлкөнүн өнүгүшү үчүн чогуу-чаран аракеттенүүгө чакырышат.

Форум 16-мартта Гапар Айтиев атындагы сүрөт музейинде саат 9:30 да башталат.

Кечээ Жалал-Абад шаарында, Аксыда жана Таласта нааразылык акциялары уюштурулган. Эми оппозициялык маанайдагы саясатчылар Ошто 24-мартта курултай өткөрүүгө камынып жатканын билдиришкен. (AzK)