Салбуурун - аңчылардын кумары

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Нарында салбуурун оюну боюнча республикалык мелдеш өттү. Эки күнгө созулган бул мелдешке 70тен ашык тайганчы, кыркка чукул мүнүшкөр жана 25 жаачы катышты. Салбуурунчулар Талас, Ысык-Көл, Чүй жана Нарын облусунан келишип, жыйынтыгында көлдүктөр бүркүткө чырга алдыруу жана жаа атуудан биринчиликти эч кимге беришкен жок. Ал эми Таластын күлүк тайганы биринчи болуп келди.