Үркүн тууралуу кино тартыла баштады
Сүрөттөгү көрүнүштөр - сценарий боюнча Жууку капчыгайындагы Аюу-Төр коктусунда орус аскерлери кыргыздарды буктурмага алып, кырып жаткандагы мезгили.
Буга чейин "Үркүн" тасмасынын үзүндүлөрү ушул кандуу окуялар болгон башка тарыхый жерлерде да тартылган.
Тасманын сценарийиндеги кыш мезгилиндеги окуялар тартылып бүткөн соң Кытайда болгон көрүнүштөрдү түшүрүү уланат.
Азыркы тапта 100 жыл мурдагы кандуу көтөрүлүштөн кийин чек аранын ары жагында болгон окуяларды тасмага түшүрүү үчүн Кытай мамлекети менен сүйлөшүүлөр болуп жатат. Бул тууралуу тасманын продюсери жана сценарийинин автору Мухтар Атаналиев билдирди.
Тасманын сценарийинде Кытайга качуу учурунда кыргыздардан чыккынчылар чыгып, алар ич ара урушуп жаткан окуялар да камтылган.
"Үркүн" тасмасы 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн 100 жылдыгына карата тартылууда.
Аталган тасманын сценарийи бир жыл мурда жазылса, тартуу иштери өткөн айда башталган.
Тасманы ушул жылдын сентябрь айында бүткөрүү пландалган.