«Масленица» жумалыгы аяктоодо

“Масленица” майрамы адатта түрдүү оюн-зооктор менен коштолот.

Бүгүн славяндардын “Масленица” майрамы аяктайт. Ал майрамдын акыркы күнү Кыргызстанда салтанат менен майрамдалууда. 7-марттан тартып бир жума бою белгиленип келе жаткан майрамда орус проваславдары бири-бирине конокко барып, даам сызышып, ырым-жырымдарын жасашты.

Бул майрам кыштын чыгышын жана жаздын келишин утурлап белгиленет. Cлавяндар майрамда куймакты сөзсүз даярдашат.