Солтон-Сарынын солго кеткен алтыны

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Нарындын бир нече айылынын жашоочулары З000 метрден ашык бийиктиктеги Солтон- Сары жайлоосунда он күндөп жатып алтын казышат. Алардын басымдуу бөлүгү Эмгекчил айылынын жашоочулары. Эл арасында "алтынчылар" деп аталаган мыйзамсыз кенчилердин жазылбаган өз мыйзамы бар. Маселен, айылда алтын казам дегендер 9-10 кишиден топтолуп, тоого кезек менен келишет.