USAID Кыргызстанда тигилген кийимдерди экспорттого көмөктөшүүдө

Америка Кошмо Штаттары “Бизнести өнүктүрүү боюнча USAID демилгеси” долбоорунун алкагында былтыркы жылы кыргыз тикмечилерине 1 млн АКШ долларына бааланган, негизинен эркек костюм тигүү боюнча келишимдерди түзүп, аны ишке ашырууга жардам берген.

USAID долбоору аркылуу Кыргызстандык тикмечилер Европанын жана КМШнын ири чекене сатуу тармактары жана фирмалык дүкөндөрү аркылуу көп миллиарддык экспорттук рынокторго чыгууга мүмүнчүлүк алып жатат.

“Бизнести өнүктүрүү боюнча USAID демилгеси” - бул туризм, кийим тигүү жанан курулуш материалдарын чыгаруу секторлорундагы өндүрүштү көбөйтүү, рынокторго жол ачуу жана башкарууну жакшыртуу аркылуу ишканалардын атаандаштыгын күчөтүүнү көздөгөн төрт жылдык долбоор. (SDz)