Визасы жоктугуна байланыштуу абакка түшүп калган өзбекстандык аял темир тор артында көз жарды. Бул тууралуу Press Trust of India басылмасы жазып чыкты.
35 жаштагы Барно Жураева айым өткөн жылы 9-декабрда визасыз Индияда жүргөнү үчүн Жадхеди шаарында колго түшүп, камалган.
Барно түрмөгө түшкөндө алты айлык боюнда болгон. 6-март күнү көз жарды.
Азыр аял соттун бүтүмүн күтүп жатат.