Чеченстанга бараткан укук коргоочулар менен журналисттерге чабуул жасалды

Укук коргоочулар менен журналисттер тобу бараткан кичи автобусту белгисиз кишилер өрттөп салышты.

Ингушетиядан Чеченстанга бараткан укук коргоочулар жана журналисттер тобу бейшембиге караган түнү кол салууга кабылды.

Орусиялык укук коргоочулар бычак менен куралданган беткапчан кишилердин чабуулунан чет элдик эки журналист ооруканага түшкөнүн билдиришти. Жабыркагандар арасында Орусиянын, Швециянын жана Норвегиянын жарандары бар.

Алар Ингушетиядан Чеченстанга жол тарткан учурда, Ингушетиянын аймагында кол салууга тушуккан. Орусиядагы кыйноолордун алдын алуу комитети кабарлагандай, Чеченстанга бараткан топто 20дай адам болгон. Беткапчан кишилер алардын кичиавтобусун өрттөп жиберишкен. Белгисиз кишилер укук коргоочулар менен журналисттерди “террорчулар” деп атап, тез арада өз аймагынан кетүүнү талап кылышкан.

Ингушетиянын Ички иштер министрлиги окуя боюнча кылмыш ишин козгоду. (SE)