Медакадемиянын кызматкеринин өлүмүнө байланыштуу иш козголду

Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын пара алып жаткан жеринен кармалды деп, жүрөгү токтоп калган кызматкеринин өлүмү боюнча кылмыш иши козголду.

Аскер прокуратурасы кылмыш ишин Кызмат абалынан кыянат пайдалануу беренеси боюнча козгогону маалымдалды. Учурда экспертиза дайындалып, тергеп-иликтөө иштери башталды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Абдыкерим Гапаров 26-февралда пара алып жаткан жеринен колго түшөрдө жүрөгү токтоп, каза болгонун билдирген эле. КМАнын аппарат башчысына кызмат абалынан аша чабуу, опузалоо беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Бирок КМАнын жамааты "Гапаровду кармоодо жол-жобо одоно бузулган жана мунун айынан адам өмүрү кыйылган" деп билдирүү таратышкан. (SDz)