Бишкекте жылуулук берүү токтотулду

Борбордогу үйлөрдү жылытууну токтотуу боюнча 9-мартта атайын жыйында чечим кабыл алынды. Бишкек Жылуулук электр борборунда өткөн жыйынга тийиштүү кызматтардын өкүлдөрү катышты. 10-марттан тарта Бишкекте көп кабаттуу үйлөргө жылуулук берүү токтотулду. (AiT)